• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Ататүрк сейил багы жаңыланып, газ менен жүргөн автобустар сатып алынат

Коом 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат менен жолугушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар Ататүрк сейил багын түркиялык гранттын эсебинен реконструкциялоо маселеси талкууланган. "Бишкекбашкыархитектура", "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын адистери жана грант берген тарап менен биргеликте иштелип чыккан долбоордун эскизи учурда Түркия тараптын кароосунда турат. Ошондой эле жолугушууда бардык сейил бактагы аттракциондорду толук жаңылоо тууралуу сөз кылышкан.

"2018-жылдын жаз айында Бишкек мэриясы жана түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттеринин бирикмеси сейил бактын аймагын реконструкциялоо (калыбына келтирүү) боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлган. Ага ылайык 500 миң доллар грант берүү каралган", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, тараптар инвестициялык долбоорлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү макулдашып, үч жыл ичинде түз инвестицияларды 20 млн долларга чейин көбөйтүү планын коюшкан.

Түркиянын элчиси, түркиялык компаниялар жаратылыш газы менен жүргөн автобустарды лизингге алуу боюнча өтө турган сынакка катышууга кызыкдар экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий