• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маданият министрлиги Саймалуу-Таштагы петроглифтерди сактап калуу үчүн милицияга кайрылды

Коом 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Социалдык тармактарда түркиялык сүрөтчү Зафер Динжердин (Zafer Dincer) Саймалуу-Таштагы петроглифтердин талкаланышы тууралуу жарыялаган фото жана видеолору талкууланууда.

"Кабар" агенттиги бул маселе боюнча маданият министри Азамат Жаманкуловго кайрылганда, ал Саймалуу-Таш тарыхый объекттердин тизмесине киргизиле электигин, бирок ал маселени чечүү үчүн милицияга кайрылгандарын билдирди.

"Тарыхый объект турган жерде коммерциялык иш жүргүзүүгө уруксат берилген эмес жана биз менен макулдашылган эмес. Азыр тарыхый объекттин жок болушуна жол бербөө үчүн укук коргоо органдарына кайрылып жатабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий