• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коррупция менен күрөш: 2018-жылы 988 иш козголуп, алардын 19у коомдук резонанс жараткан

Коом 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. 2018-жылы коррупция менен күрөшүүнүн алкагында 988 кылмыш иши ачылып, алардын 19у коомдук резонанс жараткан. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, резонанс жараткан 19 иштин тогузу сотко жиберилген.

"Коомдук резонанс жараткан иштерге токтолоюн. Баарынан мурда ал жогорку кызматтарды мурда ээлеген же кармалган учурда кызматта отурган адамдардын иштери. Жалпы 19 иш болуп, анын тогузу сотко жиберилген. Алардын айрымдары боюнча биринчи инстанциядагы соттор чечимин чыгарган. Он иш боюнча тергөө иштери аяктоодо. Алар боюнча жетиштүү далил топтолуп, айыптар тагылган. 19 кылмыш иши боюнча алдын ала зыяндын көлөмү 6 млрд. 527 млн. сомду түзгөн. Жогоруда аталган иштер боюнча 82 адамга айып тагылып, алардын 44ү камакка алынган", - деди ал.

Чуулгандуу кылмыш иштеринин арасында Бишкектеги Жылуулук электр борборун модернизациялоо, тарых музейин реконструкциялоо, өлкөдөн качып кеткен мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев, Икрамжан Илмияновго козголгон кылмыш иши жана башкалар бар.

Пикир

Оставить комментарий