• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

17-21-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. 17-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

17-январда күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Чүй, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

18-19-январларда жана 20-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

20-январда күндүз жана 21-январда түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 21-январда күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий