• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында индустриалдык-соода-логистикалык комплекс курулат

Экономика 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриалдык-соода-логистикалык комплекси курулуп, миңдеген жумушчу орундар түзүлөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Экономика министрлигинин аймактар аралык башкы башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев билдирди.

"2016-жылы Ак-Талаа айыл кеңешинин чечими менен 200 гектар жер логистикалык борборду салууга бөлүнгөн. 2017-жылы ал жерди трансформация кылуу боюнча өкмөттүн токтому чыккан. Андан кийин жер Нарын эркин экономикалык аймагына берилген. Андан соң жер, "Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы" компаниясына 49 жылга ижарага берилген", - деди ал.

Ал белгилегендей, акыркы күндөрү эл арасында "жер сатылып кетти" деген сөздөр жүрүп жатат. Бирок ал пикирлер туура эмес.

"Ал жер эч кимге сатылбайт. Ал Кыргызстандын жери. Соода комплекси Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштейт. Ал жакта кыргыз жарандары, анын ичинде Ат-Башы районунун калкы иштей алат. Биринчи баскычта 1 миңге жакын адам курулушта иштегенге мүмкүндүк алышат. Комплекс аяктаганда 10-15 миң иш орундары түзүлөт. Ошондой эле заводдор курулуп, соода-логистикалык борбору, мейманкана, кафе болот", - деди ал.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулунун айтымында, инвесторлор бул долбоорго 280 млн доллар жумшайт. Аталган комплекс үчкө бөлүнгөн.

"Биринчиси индустриялык тармак, экинчи – соодага байланыштуу жан үчүнчүсү логистикалык маселелерге байланыштуу болот", - деди ал.

"Кыргыз-кытай ишканасына 200 гектардын 176 гектары берилди. Калган 24 гектары башка инвестициялык долбоор болууда. Анда мамлекет-жеке өнөктөштүн негизинде бажы-логистикалык борбор курулат", - деди ал.

Комплекс салына турган жер Ат-Башы районунун борборунан күн батышты көздөй 44 чакырым алыстыкта, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун боюнда, чек арадан 110 чакырым алыстыкта жайгашкан. Комплекстин курулуш иштери 8 жылда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий