• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстанда Улуттук бакубатчылык фонду түзүлөт. Идеяны президент колдоого алды

Экономика 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда Улуттук бакубатчылык фондун түзүлөт. Идея өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан колдоого алынгандыгы президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров бүгүн күндүн биринчи жарымында Franklin Templeton Глобалдык инвестициялык-финансылык холдингинин башкы инвестициялык директору Манрадж Секхон баштаган делегацияны кабыл алды.

Жолугушууда Манрадж Секхон өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берип ошондой эле Кыргызстанда Улуттук бакубатчылык фондун түзүү боюнча идеялары менен бөлүшкөн.

Фонддун максаты — мамлекеттик ишканаларды башкаруунун натыйжалуулугун жакшыртуу, капиталды жана стратегиялык инвестицияларды тартуу, ошондой эле башка социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө жетишүү болуп саналары айтылды.

Фонд Кыргыз фондулук биржасында жана глобалдык аянтчалардын биринде листингден өткөрүлөт.

Жолугушууда ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган кызматташуунун келечектүү долбоорлору тууралуу пикир алмашуу болду.


Маалымат үчүн: Franklin Templeton компаниясы 1,5 триллион АКШ доллары активдери менен ири глобалдык башкаруучу болуп саналат. Бул рынокто ал 70 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жатат, 150дөн ашуун өлкөнүн кардарларына жардам берип, чоң тажрыйбага ээ жана дүйнө жүзү боюнча акциялар рыногунун чечимдерин камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий