• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда быйылкы жылдын 9 айында 23,1 миң тонна балык өндүрүлдү

Экономика 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылдын 9 айында 23 миң 164,7 тонна балык өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- Чүй облусунда бардыгы 13 миң 646,4 тонна товардык балык өндүрүлдү, анын ичинен кубулжума жилингир - 11 миң 695,9 тонна, бакма каңылтыр - 339,3 тонна, Башка түрлөрү - 1 миң 611,2 тонна;

- Ысык-Көл облусунда бардыгы 3 миң 308,6 тонна, анын ичинен кубулжума жилингир - 29 миң 62,9 тонна, бакма каңылтыр - 137,1 тонна, башка түрлөрү - 208,6 тонн;

- Нарын облусунда бардыгы - 2 миң 37,2 тонна, анын ичинен кубулжума жилингир -1 миң 827,3 тонна, бакма каңылтыр - 51,8 тонна, башка түрлөрү - 158,1 тонна;

- Ош облусунда бардыгы - 53,5 тонна, анын ичинен бакма каңылтыр - 37,2 тонна, башка түрлөрү - 16,3 тонна;

- Жалал-Абад облусунда бардыгы - 3569,4 тонна, анын ичинен кубулжума жилингир - 3 миң 569,4 тонна;

- Талас облусунда бардыгы - 549,6 тонна, анын ичинен кубулжума жилингир - 549,6 тонна.

Республика боюнча бардыгы - 23 миң 164,7 тонна, анын ичинен кубулжума жилингир - 20 миң 605,1 тонна, бакма каңылтыр - 565,4 миң тонна, башка түрлөрү - 1 миң 994,2 тонна.

Пикир

Оставить комментарий