• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

2023-жылы Өзбекстан Кыргызстанга түркмөн электр энергиясынын транзитин жандандырат

Экономика 0

Бишкек, 21.12.22. /Кабар/. 2023-жылы Өзбекстан Кыргызстанга Түркмөнстандын электр энергиясынын транзитин жандандырат. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлигинин сайтында маалымдалат.

Белгиленгендей, бул тууралуу чечим Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен макулдашылган.

Мындан мурда КР Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев Кыргызстан Түркмөнстандан импорттогон электр энергиясы транзиттик өлкө Өзбекстанда убактылуу кармалып жатканын билдирген. Ал байкалып жаткан энергетикалык каатчылыкка байланыштуу Өзбекстан Түркмөнстандан келе жаткан электр энергияны убактылуу алып, жакында кайтарып берерин түшүндүргөн.

Ошондой эле КР Энергетика министрлиги кошуна өлкөгө ата мекендик көмүрдү жүк ташуучу унаалар менен экспорттоого уруксат берүүнү сунуштады.

Эскерте кетсек, учурдагы энергетикалык каатчылыкка байланыштуу Өзбекстандын бийлиги энергиянын альтернативдүү булагын активдүү издөөдө.

Пикир

Оставить комментарий