• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан мунай жана мунай продуктуларын экспорттоого убактылуу тыюу салууну узартты

Экономика 0

Бишкек, 21.12.22. /Кабар/. Кыргызстан ички рынокто бааны турукташтыруу үчүн мунай жана мунай продуктуларын экспорттоого тыюу салды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандан мунайды жана мунай продуктуларын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.

Токтомго ылайык, ички рынок толтурулганга же Евразия экономикалык бирлигинин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин Кыргызстандан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары мунайды автомобиль жана темир жол транспорту менен ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынат.

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана УКМКнын Чек ара кызматына токтомдо көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий