• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын шаарындагы Муса Жусаев атындагы сейил бактын айланасы тосулду

Аймак 0

Бишкек, 21.12.22. /Кабар/. Нарын шаарындагы Муса Жусаев атындагы сейил бактын айланасы тосулду. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, паркты тосуу ишине республикалык түрткү берүүчү гранттын жана өздүк салымдын эсебинен 2 млн 900 сом жумшалып, 984 метр жер тосулду.

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев паркты тосуу иштери менен таанышып, тийиштүү адистер менен бирге жаз мезгилиниде бул паркка жаңы көчөттөрдү отургузуу жарыктандыруу, тийиштүү шарттарды түзүү иштерин алып барууну талкуулады.

Калаа башчысы жаз мезгили менен шаар аймагына 9 миң түп көчөт тигүү планын белгилеп, мөмө-жемиш бактарын отургузууга басым жасаларын айтты.

Бул үчүн М. Жусаев паркындагы куурап, өсүүсү токтогон жана кулоо коркунучу бар бактардын баардыгын анализдеп чыгып, тамыры менен кошоо алуу жана ордун даярдоо маселеси тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий