• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Январь айында Кыргызстандан акча которуулардын агымы 68,3%га өстү

Экономика 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь айында жеке жактар Кыргызстандан башка өлкөлөргө 57,9 млн доллар которгон. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

2022-жылдын январь айына салыштырмалуу акчанын агылып чыгышы 68,3%га өскөн. Өткөн жылдын биринчи айында Кыргызстандан тез которуу системалары аркылуу 34,4 млн доллар которулган.

Каражаттын жарымынан бир аз көбү Түркияга которулган – 50,9% же 29,5 млн доллар, бул 2022-жылдын январына салыштырмалуу 49 эсеге көп.

2023-жылдын январында Россияга которуулардын жалпы көлөмдүн 46,9%ды түздү. Бул өлкөгө акча которуулардын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,8%га – 33,1 млн доллардан 27,2 млн долларга чейин азайган.

Пикир

Оставить комментарий