• 88.68
  • 95
  • 0.95

МСК: 23-мартка карата 200 миңден ашык салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

Экономика 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 23-мартына карата 201 миң 724 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды, анын ичинен 153 миң 930 – электрондук түрдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тапшыргандардын ичинен 49 миң 333 юридикалык жак, 72 миң 951 жеке ишкер, 37 миң 527 жеке жак, 9276 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 32 миң 637 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

Эске салсак, 1-апрелде жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.

Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер,

– жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер,

– менчигинде салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер участоктун (короо-жай участогунан башка) ээлери,

– юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.

Пикир

Оставить комментарий