• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чоң-Алай районунда ысырапкорчулукту токтотууга багытталган иш-чаралар өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Ош облусунун Чоң-Алай районунда КР президентинин «Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адатын тартипке келтирүү жөнүндөгү» жарлыгын ишке ашыруу максатында массалык түрдө иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Саамалыкты уюштурууга райондук мамлекеттик администрация жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, хатибият аппараты, дин кызматкерлери, мекеме-ишкана жетекчилери, укук коргоо органдары жана аксакалдар кеңештери активдүү катышууда.

«Ысырапкорчулуктун кесепети, убалы, убайымы, шарияттагы өкүмү жөнүндө колдон келишинче түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Эң жакынынан ажырап боздогон үй-бүлөнү малынан да ажыратып сыздатпаш керек. Өзгөчө балагатка жете элек балдары бар же жакыр бүлөлөрдү мал сой деп жемелеп, мажбурлоо туура эмес. Батага келгендер эт, сорпо, казы-карта үчүн эмес, түпкүрүндө маркумдун урматы үчүн келишет эмеспи. Маркумдун рухуна багыштап Куран окуп, артында калгандарга сабыр тилеп, колдоо көрсөтүү үчүн барууну насаат кылып жатабыз», – деди Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек Маматаминов.

Баш имам-хатиб өз сөзүндө район тургундарынын түшүндүрүү иштерин түшүнүү менен кабыл алып жатканын жана ысырапкорчулуктун жоюлуп баратканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий