• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош: Мээркан айылындагы документи жок үйлөргө техпаспорт бериле башталды

Аймак 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 15-декабрда, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Мээркан айылындагы үйлөрдүн техникалык паспортун тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Кезинде мыйзамсыз курулган үйлөргө ээлери документ ала албай келишкен. Өлкө башчынын документ берүү демилгесинен соң мэр Оштогу бул көйгөйдү чечүү боюнча тапшырма койгон.

Ага ылайык, Жапалактагы 13 айылда 800гө жакын үй мыйзамсыз курулганы маалым болгон. Анын ичинен 300 турак жайга техникалык изилдөө жүргүзүлдү. Учурда калган үйлөрдө да мобилдик топтор иш алып барууда.

Шаар башчысы техникалык паспортторду тапшыргандан сырткары жергиликтүү элдин көйгөйлөрүн укту. Мээркан айылына коомдук транспорттордун каттамын көбөйтүү, таза суу маселелери айтылды.

Пикир

Оставить комментарий