• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөдөн накталай АКШ долларын алып чыгууга тыюу салды

Экономика 0

Бишкек, 12.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы коммерциялык банктарга, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга накталай АКШ долларын Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

"Кыргыз Республикасында экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында КР Улуттук банк башкармасы 2022-жылдын 11-мартында "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө убактылуу чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө" токтомун кабыл алды", - деп айтылат маалыматта.

Аталган токтомго ылайык нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна КР Улуттук банкынын лицензиясына ээ КР коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына 2022-жылдын 11-мартында саат 17:30дан тартып, нак АКШ долларын Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салынды.

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий