• 88.68
  • 95
  • 0.95

2023-жылы Суу ресурстары кызматы иш жүзүндө 6,2 млрд сомго каржыланды

Экономика 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. 2023-жылга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын бюджети 4,4 млрд сом суммасында бекитилген.

Ведомстводон билдиришкендей, анын ичинде:

- бюджеттик каражат – 1,1 млрд сом;
- атайын каражаттагы эсептер – 126,7 млн. сом;
- мамлекеттик инвестициялардын каражаттары – 3,2 млрд сом.

Ошондой эле бюджеттик каражаттан ирригациялык системаларды оңдоо-калыбына келтирүү иштерине 162,1 млн сом каралып, кийин ага кошумча 800 млн сом бөлүнгөн (толугу менен каржыланды).

Ошентип, жыйынтыгында 2023-жылдын 31-декабрына карата кызматтын такталган бюджети 6,3 млрд сомду түздү, анын ичинен:

- бюджеттик каражат – 3,7 млрд сом;
- атайын каражаттагы эсептер – 150,6 млн сом;
- мамлекеттик инвестициялардын каражаттары – 1,8 млрд сом;
- капиталдык салым – 700 млн сом.

2023-жылга каралган каражаттардын ичинен иш жүзүндө 6,2 млрд сом, ал эми ирригациялык системаларды оңдоо-калыбына келтирүү иштерине 962,1 млн сом каржыланган. Бул каражатка төмөнкү иштер аткарылды:

- каналдарды оңдоо – 675,0 км.;
- ГТКны оңдоо, МИ – 958 бирдик.;
- коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо – 223,6 км.;
- насостук станцияларды оңдоо-105 бирдик.

Натыйжада 4 миң гектардан ашык сугат жердин мелиоративдик абалы жакшырды.

Ошондой эле 2023-жылга Чүй облусу боюнча ирригациялык системаларды оңдоо-калыбына келтирүү иштерине 150 млн сом бөлүнгөн (толугу менен каржыланган).

2023-2026-жылдарга СРК үчүн атайын техникаларды сатып алууга 1 млрд сом каралган, анын ичинен 200 млн сом бөлүнүп, өздөштүрүлдү. Мындан тышкары, 4 чакан жана 2 чоң дренаж сатып алууга 199,4 млн сом каржыланып, өз убагында өздөштүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий