• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жана кыргыз жараны концепцияларынын аткарылышы боюнча жыйын өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жана кыргыз жараны концепциясынын иш пландарынын аткарылышы боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү.

Жыйындын күн тартибине ылайык, 3 маселе каралып, маалыматтар угулду. Алсак, 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу маалымат;

2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу маалымат;

Кыргыз Республикасынын айрым кабыл алынган улуттук программаларын жана концепцияларын оптималдаштыруу, алардын
иш-чаралар пландарындагы кайталануучу пункттарды жок кылуу алардын айрымдарын күчтөндүрүү максатындагы стратегиялык документтердин жалпыланган иш-чаралар планынын долбоору тууралуу маалымат;

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Президент Садыр Жапаровдун Жарлыктарын аткарууда сөздөн ишке өтүү зарылчылыгын белгиледи. “Түрдүү программалар жана ар кандай концепцияларды ишке ашырууда кагаз түрүндөгү отчеттерго басым жасалуда. Биз бири бирибизге отчет берип гана убактыбызды коротуп жатабыз. Программаларды азайтып, элге пайдасы тие турган кадамдарды жасайлы. Кагаздарды кыскартып элибизге кызматты күчөтөлү”-деди Эдил Байсалов.

Ошондой эле жыйындын соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Эдил Байсалов диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жана кыргыз жаранынын иденттүүлүгүн сактоо өлкөнүн келечеги жана коопсуздугу экенин баса белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдарды бул маселеге жоопкерчилик менен мамиле кылууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий