• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрт жетекчи кызматтан алынып, 37сине тартиптик жаза берилди. ИИМдин коллегиялык отуруму

Коом 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин 2023-жыл ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурумда кызматтык милдеттерди аткарууда кетирилген кемчиликтери үчүн жетекчилерге тартип жазалары берилди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн жылдын жыйынтыгы менен жалпы 285 кызматкерге, анын ичинен 68 жетекчи курамдагы жооптуу кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилген.

Андан сырткары, бүгүнкү коллегиянын чечими менен 37 жетекчиге тартиптик жазалар берилди, анын ичинен 4 жетекчи ээлеген кызматтарынан бошотулду.

"Бир топ жетекчи кызматкерлер мурдагы берилген жазалар менен чектелип, ишмердүүлүгү биринчи чейректин жыйынтыгына арналган отурумда карала тургандыгы белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жыл жыйынтыгы чыгарган жыйынга ички иштер министри Улан Ниязбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, Ички аскерлердин кол башчысы, Атайын багыттагы полкунун командири, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, окуу жайлардын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жетекчилери, алардын орун басарлары, райондук-шаардык бөлүмдөрдүн, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жана “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасынын жетекчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий