• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

ИИМде 2023-жылда аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча коллегиялык отурум өттү

Коом 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин жыйындар залында КР ички иштер органдарынын 2023-жыл ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага министр Улан Ниязбеков, ички иштер министринин орун басарлары, Ички аскерлердин кол башчысы, Атайын багыттагы полкунун командири, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, окуу жайлардын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жетекчилери, алардын орун басарлары, райондук-шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилери, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жана "Атайын байланыш кызматы" мамлекеттик ишканасынын жетекчилери катышты.

Жыйында беш маселе каралды: Ички иштер органдарынын 2023-жылдын ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, жарандардын арыз-даттануулары, алардын чечилиши жана элди тейлөөнүн сапаты, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында көрүлгөн иш-чаралар, санариптештирүү багытындагы аткарылган иштер, ошондой эле Кыргыз милициясынын 100 жылдык иш-чарасын өткөрүү жана ИИМдин алдыдагы ишмердүүлүгү тууралуу иш мерчемдерин бекитүү маселелери каралды.

Коллегияны ачып жатып Улан Ниязбеков ички иштер министрлигинин жыл ичинде аткарган иштерине токтолду.

"Милициянын ишмердүүлүгү замандын талабына төп келишкен жаңы көз караштагы күжүрмөн ишмердикти чыңдадык. Башкаларга үлгү боло турган шарттарды жаратуунун үстүндө иш-аракеттерди талыкпай улантып, милицияга жүктөлгөн милдеттердин өтөөсүнө чыгабыз деп ишенем.

Пикир

Оставить комментарий