• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкекте жапайы өскөн кара куурайлар жок кылынды

Коом 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Бишкекте жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу боюнча рейд өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө Суворов көчөсүндө жалпы аянты 100 метрден ашык жапайы кара куурай өскөн аянттар табылган. Кара куурай кыйылып, өрттөлүп жок кылынды.

Адистер белгилегендей, кара куурайды колдонуу мээнин структуралык бузулушуна, эс тутумдун начарлашына алып келет.

Белгилей кетсек, рейд Свердлов акимчилигинин демилгеси менен мэриянын №20 МАБнын адистери, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү жана "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий