• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2021-жылы Россияда КР жарандарына баңгизат сатууга байланыштуу 327 кылмыш иши козголгон

Коом 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. 2021-жылы Россияда КР жарандарына карата баңгизат сатууга байланыштуу 327 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Элчилик Кыргызстандын жарандары тарабынан Россиянын аймагында жасалып жаткан баңги заттарды сактоо, сатуу жана ташуу менен байланышкан кылмыштардын саны акыркы жылдары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу өзгөчө тынчсыздануусун билдирет.

РФ ИИМинин расмий маалыматы боюнча, 2021-жылы баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыштарды жасаган КРнын 224 жаранына карата 327 кылмыш иши козголсо, 2020-жылы Кыргызстандын 151 жаранына карата 191 кылмыш иши козголгон.

РФнын укук коргоо органдары бул адамдар көбүнчө тез жана оңой акча табуу максатында атайылап кылмыш жасап жатканын белгилешет.

Антсе да КРнын жарандары билбестиктен кылмыштуу аракеттерге барган учурлар да бар. Көбүнчө булар «закладчиктер», тагыраак айтканда курьер болуп жумушка киргендер же социалдык түйүндөр аркылуу товар ташуу кызматын көрсөткөндөр.

"Закладка" деген эмне таңгакталган баңги заты. Аны каткан адам "закладчик" болуп саналат.

Элчилик эскертет:

- "Жеңил/оңой" акча өтө кымбатка түшөт. Жаш мекендештерибиздин жана алардын жакындарынын тагдыры түбөлүккө талкаланат. «Закладчиктердин» энеси, балдары жана туугандары жабыркайт;

- Жасалган кылмыш үчүн жазанын сөзсүз болушун эстен чыгарбоо керек;

- Баңги затын тараткандык үчүн жаза иштин жагдайына жараша жана РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине ылайык, 4 жылдан 20 жылга чейин жаза күтөт;

- Эркинен ажыратуунун орточо мөөнөтү – 7 жыл, эң көп мөөнөтү – өмүр бою эркинен ажыратуу;

- Абактагылардын көбү 16 жаштан 30 жашка чейинкилер;

- Баңгизат аны колдонгон жарандарды эле жок кылбастан, таратуучулардын да тагдырын талкалайт;

- Россияда жүргөн туугандарынарга жана досторунарга чалып, жасалган кылмыштын кесепеттерин эскерткиле;

Пикир

Оставить комментарий