• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМдин Ички аскерлеринде Нооруз майрамына арналган салтанатту иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 19.03.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында КР Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Командачылыгынын аймагында Нооруз майрамына карата атайын майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ички аскерлердин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чарага ИИМ Ички аскерлеринин колбашчысынын орун басары Марат Нуралиев, аскер кызматкерлер менен алардын үй-бүлөл мүчөлөрү, чакырылган коноктор жана ардагерлер катышты.

Аскер кызматкерлеринин жамааты кыргыз элинин каада-салттарын эпизоддук көрүнүштөрү менен демонстрациялап, катышуучуларга Нооруз майрамынын ырым-жырымдарын көрсөтүштү.

"Көркөм чыгармачылык топтун жамааты иш-чаранын катышуучуларына жазгы маанай жана дем күч берип турду. Командалар ортосунда улуттук жана спорттук оюундардын түрлөрү боюнча таймаш өз нугунда өттү", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын алдында аскер кызматкерлер Нооруз майрамынын салттуу “Сүмөлөк” тамагынын даамын татышты. Бул тамак түнү бою туруктуу аралаштыруу менен бышырылып, аскер кызматкерлерине таркатылды.

Майрамдык иш-чаранын аягында улуттук-спорттук оюндарынын жеңүүчүлөрүнө грамота жана акчалай сыйлык сыйланышты.

Жазгы Нооруз майрамына арналган иш-чаралар Ички иштер министрилигинин Ички аскерлеринин бардык аскер бөлүктөрүндө белгиленип өттү.

Пикир

Оставить комментарий