• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанга жазгы талаа иштерине 42,5 миң тонна дизель керектелет

Коом 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Кыргызстанга 2024-жылдагы жазгы талаа иштерине 42,5 миң тонна дизельдик отун талап кылынат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, анын орточо баасы бүгүнкү күндө 71,5 сом болууда.

"Учурда дизельдик отундун кымбаттыгына байланыштуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу дыйкан-фермерлерге 63,5 сомдон дизель отуну берилип жатат", - деп айтылат маалыматта.

2023-жылы жалпысынан 3 млн 466 миң литр дизель отуну берилген. Ал эми дыйкан-фермерлер 63,5 сомдук дизель отунунун 770 тоннасын алышкан эмес.

Быйыл Мамматрезервдер фонду аркылуу кошумча дагы 7 млн литр дизель отунун берүү каралып жатат.

Пикир

Оставить комментарий