• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте кайыр сурап жүргөн бала үйүнө кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Бишкек мэриясынын Биринчи май райондук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери соода борборунун жанында кайыр сурап жүргөн баланы таап, ата-энесине жеткирип беришти.

Мэриядан билдиришкендей, “Бишкек Парк” соода борборунун жанында кайыр сурап турган баланын сүрөтү социалдык тармактарда жарыяланган. Кызматкерлер барган учурда бала ал жерде жок болуп чыккан. Алар аны “Караван” соода борборунун жанына табышкан.

Баланын айтымында, ал 2007-жылы 15-январда төрөлгөн. Борбордогу №31 орто мектепте окуйт, ал эми үй-бүлөсүн багуу үчүн кайыр сурайт.

Кызматкерлер аны балдардын социалдык адаптация борборуна алып келишкен.

Текшерүүдө белгилүү болгондой, баланын аты-жөнү Акылбек Мамыров. Ата-энеси менен Сокулук районунун Романовка айылында жашайт. Алар аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турат.

Акылбек азыр ата-энесинин жанында.

Биринчи Май райондук Социалдык өнүгүү башкармалыгы Сокулук районундагы кесиптештерине аталган үй-бүлө менен иштешүү туурасында сунуштама жиберди.

Пикир

Оставить комментарий