• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл жол кырсыктарынын саны 8,8% өскөн

Коом 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2019-жылдын январь-декабрь айлар аралыгында жол кырсыктарынын саны 8,8% өскөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгынан улам каза болгондордун саны 6,8%га, ала эми жаракат алгандардын саны 9,3%га өскөн.

"Биз баардык жол кырсыктары боюнча терең талдоо жүргүзүп, жол кырсыктарынын өсүшүнүн негизги себеби жол инфраструктурасынын өнүкпөгөндүгү болууда деген пикирге келдик. Биздин жолдор, учурда бизде болгон унаалардын баарын тейлөөгө даяр эмес. Ошондой эле сырттан унаалар алынып келүүдө. Аны менен бирге жол кырсыгына күнөөлүү болгондордун арасында айдоо тажрыйбасы 1 жылга жетпеген айдоочулар бар. Бул нерсе айдоочуларды даярдоо жакшы болбой жатканын көрсөтөт", - деди ал.

Ал белгилегендей, жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен учурлардын 40%ынан ашыгы бир гана айдоочунун күнөөсү менен боло бербейт.

"Бир гана айдоочуларды күнөөлөй берүүгө болбойт. Жолдо жүргөндөрдүн баарынын жолдо жүрүү маданияты болушу керек. Айрым учурда жөө адамдар өздөрүнө коркунуч жаратып алат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий