• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Бишкекте абанын булгануу деңгээли 34 эсеге азайды

Коом 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. Кыргызгидрометтин синоптиктеринин билдирүүсү боюнча, 2019-жылдын 3-4-декабрында Бишкек шаарында аба массасынын алмашуусу орун алды. Ар түрдүү бийиктиктерде шамал байкалды жана анын ылдамдыгы секундасына 15 метрге жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирет.

Маалыматка ылайык, байкалган метеорологиялык шарттар Бишкек шаарындагы атмосфералык абадагы кирдетүүчү заттардын таралышына себепчи болду. Натыйжада азыркы убакта абадагы кирдетүүчү заттардын кармалышы төмөн экендиги байкалууда.

CO – 10,3 мкг/м3 (чектүү деӊгээли - 5 мкг/м3)

NO – 86,3 мкг/м3 (чектүү деӊгээли - 400 мкг/м3)

NO2 – 48,9 мкг/м3 (чектүү деӊгээли - 85 мкг/м3)

SO2 – 49,2 мкг/м3 (чектүү деӊгээли - 500 мкг/м3)

PМ2.5 – 13 мкг/м3 (чектүү деӊгээли - 160 мкг/м3)

Ал эми майда катуу бөлүкчөлөр PМ2.5 тууралуу айта турган болсок, алардын абадагы кармалышы кескин түрдө азайды.

Эгерде ноябрдын акыркы 3 күнү бул заттын кармалышы 440-448 мкг/м3 чейин жеткен болсо, бүгүн эртеӊ менен бул көрсөткүч 11-13 мкг/м3 түздү, жана 34 эсе азайды.

Пикир

Оставить комментарий