• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ыш менен күрөшүү. Бишкек мэриясынын кыска жана узак мөөнөттүү пландары

Коом 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында абанын булганышы боюнча атайын ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга борбор калаанын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышып, иш-чаралардын кыска жана орто мөөнөттүү, ошондой эле узак мөөнөттүү планы талкууланды.

Кыска мөөнөттүү иш-чаралар планы:

- Бишкек шаарынын турак жай конуштарын газдаштыруу. Тактап айтканда, 2023-жылы беш конушту газдаштыруу пландалууда;
- муниципалдык бардык көмүр отканаларды газга жана башка альтернативдүү жылуулук булагына өткөрүү;
- күз-кыш мезгилинде Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн жагууга чектөө киргизип, Казакстандын жогору калориялык көмүрүн киргизүү;
- жаңы конуштарда 12 муниципалдык мончону куруу;
- таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу;
- коомдук транспорт жана такси кызматы үчүн бөлүнгөн жол тилкесин түзүү жана 500 бирдик экологиялык коомдук транспортун киргизүү;
- Ички иштер министрлиги менен биргеликте Бишкек шаарынын кире беришинде шаарга кирген автомашиналарын каттоо видеокамераларын орнотуу, техникалык абалын белгилөөчү системасын өздөштүрүү, унаалардын экологиялык нормаларга шайкештигин текшерүү;
- бир түстөгү 500 даана электр таксилерди сатып алуу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу;
- Бишкек шаарын жашылдандыруу боюнча сейил бактардын жана гүл бакчалардын аймактарын көбөйтүп, сейил бактардын аянтын 21,6 гектарга чейин кеңейтип, бак-дарактарды отургузуу жолу менен “Жашыл коридорлорду” куруу долбоорун жүзөгө ашыруу;
- Бишкек шаарынын Башкы планын иштеп чыгуу, борбордун аймагын Чүй облусунун эсебинен кеңейтүү.

Орто мөөнөттүү иш-чаралар планы:
- 2025-жылга чейин Финансы министрлиги менен биргеликте 1000 бирдик экологиялык коомдук транспорт алуу;
- жөө жүрүүчүлөр жана веложол – инфраструктурасын өнүктүрүү (Ала-Арча, Аламүдүн, ЧЧКнын сууларынын жээк линияларын өнүктүрүү).

Узак мөөнөттүү иш-чаралар планы:
- темир жолду шаардын сыртына чыгаруу, көп кабаттуу үйлөрдү курууну жөнгө салуу, жол тыгындарын азайтуу максатында жол-транспорттук түйүндөрдү кароо, жолдорду кеңейтүү жана ачуу;
- Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө, эл жана транспорт көп топтолуучу жерлер жайгашкан базарларды, автобекеттерди жана калкты тейлөөчү мекемелерди шаардын чет жагына көчүрүү;
- Энергетика министрлиги тарабынан ЖЭБ-2ни калыбына келтирүү;
- Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн долборлорду ашыруу максатында дүйнөлүк жашыл экономикага, экологияга жана климаттык өзгөрүүгө багытталган каражаттарды тартуусунун негизинде долбоорлорду ишке ашыруу.

Белгилей кетсек, кыска жана орто мөөнөтүү иш-чаралар 2023-жылдан 2025-жылга чейин аткарыла турган иштер, ал эми узак мөөнөттүү иш чаралар 2025-2050-жылдары ишке ашырыла турган пландар болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий