• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТИМ: Кыргызстанга 16-апрелден бери 1 миң 556 кыргызстандык кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Кыргызстанга 16-апрелден бери 1 миң 556 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, эл аралык аба каттамдары жабылганына байланыштуу чартердик каттамдар менен кыргыз жарандары өлкөгө алынып келинди.

"Алсак, 17-апрелде Стамбулдан 211 жаран, 22-апрелде Новосибирск шаарынан 176 жаран, 24-апрелде Стамбулдан 349 жаран, 26-апрелде Дубайдан 181 жаран, 28-апрелде Екатеринбург шаарынан 157 жараныбыз кайтып келди", - дейт ал.

Ниязалиев кошумчалагандай, коронавирус инфекциясы башталгандан бери Кыргызстанга, Россия, Болгария, Вьетнам, Египет, Доминика Республикасы, Индия, Корея, Малайзия, БАЭ, Польша, Тайланд, Түркия, Франция, Шри-Ланка, Афганистандан кыргыз жарандары учуп келген. Жалпы 7 миң 888 кыргызстандык өлкөгө кайтып келген.

Пикир

Оставить комментарий