• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте генерал-лейтенант Ысакбек Монуевдин 120 жылдыгына арналган конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 30.12.22. /Кабар/. Күн мурун, 29-декабрда КР Куралдуу күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскер институтунда генерал-лейтенант Ысакбек Монуевдин 120 жылдыгына арналган “Менин улутум жана уруум, түрк элдеринин – ынтымак менен биримдиги” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Конференцияга КР мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Түркиянын Кыргызстандагы аскердик атташеси Э.Онал, ЖОЖ окутуучулары, коомдук ишмерлер, КР КК Аскер институтунун жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө генерал-лейтенант Ы. Монуев жөнүндө документалдуу видеофильм көрсөтүлүп, анын өмүр жолу жана аскердик карьерасы, өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу баяндамалар угулду.

Пикир

Оставить комментарий