• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эртең Ала-Тоо аянтында жаңы жылдык иш-чара өтүп, жол жабылат

Коом 0

Бишкек, 30.12.22. /Кабар/. Эртең, 31-декабрда Ала-Тоо аянтында жаңы жылдык иш-чаранын өтүшүнө байланыштуу кечки саат 18:00дөн баштап 01:00гө чейин жол жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй проспектиси Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүнө унаа каражаттарынын кыймылы үчүн жол убактылуу жабылат.

Милициянын кайгуул кызматы, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тыгындарды болтурбоо үчүн айдоочуларды алдын ала альтернативдүү каттамдарды тандоого чакырат.

Ошондой эле авариялык-кооптуу жагдайларды козгобош үчүн жана шаардык транспортко жана башка айдоочуларга жол бериш үчүн айдоочулардан рулда этият болууну жана эреже бузууларсыз унаа токтотууну суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий