• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ: Республика боюнча 94 тонна кара куурай жок кылынды

Коом 0

Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. 2023-жылдын июлунда өткөн “Мак-2023” операциясынын алкагында республика боюнча 94 тонна кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө өлкө аймагында жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында прокуратура, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери курамына кирген 1 миң 231 адамдан турган 71 бригада түзүлгөн.

Республика боюнча жалпысынан 94 тонна 22 кг кара куурай орулуп өрттөлдү. Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча 2,3 га жерден 3 тонна 420 кг, Чүй облусу боюнча 8,5 га жерден 7 тонна 400 кг, Ысык-Көл облусу боюнча 114 га жерден 38 тонна 727 кг, Талас облусу боюнча 0,5 га жерден 1 тонна, Жалал-Абад облусу боюнча 428,8 га жерден 25 тонна 500 кг, Ош облусу боюнча 9,5 га жерден 8 тонна 675 кг, Баткен облусу боюнча 28,5 га жерден 9 тонна 300 кг кара куурай орулуп өрттөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий