• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирус: Кыргызстанда Ноорузга карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлбөйт

Коом 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Коронавирустун алдын алуу иштерине байланыштуу Кыргызстанда жакынкы мезгилдерге белгиленген массалык маданий, спорттук иш-чаралар өткөрүлбөйт. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Ал белгилегендей, бир жума мурда массалык спорттук, маданий иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган.

"Анын ичинде Ноорузду өткөрүүгө тыюу салып жатабыз", - деди ал.

Ал, республикалык штаб соода, бизнес борборлорунун, ири дүкөндөрдүн жана оюн-зоок мекемелеринин жетекчилерин келген адамдардын саламаттыгын коргоо үчүн аба тазалагычтарды орнотуп, келген кишилерди дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз кылууга чакырат.

"Дүкөнгө кирип жаткан адам колун дезинфекциялоочу каражат менен тазалап алышы керек. Себеби, ал сатылып турган азыктарды кармайт. Сактанганды Кудай сактайт деп айтылат. Ошондой эле тойлорду өткөрбөй турууга чакырабыз. Адамдар көп барган Калкты тейлөө борбору, Соцфонд өңдүү мекемелерге дезинфекциялоо каражаттар берилет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий