• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Статком: «КР эгемендүүлүгүнө 30 жыл» юбилейлик статистикалык жыйнак басууга даярдалды

Коом 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. «КР эгемендүүлүгүнө 30 жыл» юбилейлик статистикалык жыйнак басууга даярдалды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйнакта Кыргызстандын эгемендүүлүк мезгил аралыгында (1991-2020-ж.ж) социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө статистикалык маалыматтар берилди.

“Кыскача тарыхый маалымдар, ошондой эле жеке географиялык көрсөткүчтөрдү, жаратылыш ресурстарын жана айлана -чөйрөнү мүнөздөөчү маалыматтар жайгаштырылды. Мамлекеттик түзүлүш, калк жана анын иш менен камсыздалышы, ошондой эле жашоо деңгээли, маданият жана искусство, туризм жана спорт жөнүндө маалымат берилди”,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, өнөр жай, айыл чарба, курулуш, соода, телекоммуникация ишмердиги жана башка тармактардын абалын жана өнүгүүсүн мүнөздөгөн көрсөткүчтөр келтирилип, мамлекеттик каржылар, тышкы экономикалык ишмердиктин өнүгүшү, баалар жана тарифтер жөнүндө маалыматтар жайгаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий