• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кочкордо Audi 80 унаасы кырсыктап, эки адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Кочкор районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 170-чакырымында (Семиз Бел айылы) Audi 80 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 47 жаштагы Э.Н. аттуу аял жана 14 жаштагы Э.К. аттуу кыз жабыркаган. Алардын абалдары орто экендиги айтылат.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий