• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 05.05.24. /Кабар/. Бүгүн саат 14:16да Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.

Жердин силкинүүсү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Баястан, Ажек, Ызар, Кара-Үңкүр айылдарында 3 балл, Ала-Бука, Ак-Коргон Достук айылдарында жана Чаткал районунун Сумсар айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөө Баястан айылынан 12 чакырым түштүк чыгышта, Ызар айылынан 15 чакырым түштүк чыгышта, Ажек айылынан 15 чакырым түштүк чыгышта, Ала-Бука айылынан 20 чакырым түштүк чыгышта жайгашкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий