• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Сабырдын түбү сары алтын. Муфтият Бишкекте орун алган окуяга байланыштуу билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 18.05.24. /Кабар/. Бишкекте 17-майдан 18-майга караган түнү чет өлкөлүктөр менен кыргыз жарандарынын ортосунда орун алган башаламандыктарга байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирүү таратты.

Муфтият тараткан билдирүүдө төмөнкүдөй айтылат:

"Кечээги окуялар көпчүлүктү терең тынчсыздантып, ушул куттуу мекенибиздин суусун ичип, тузун татып жаткан соң айрым конокторубуз сыйга-сый кылып, меймандос эл менен достукта, бир туугандыкта күн кечиришсе жакшы болмок деген ойдо экени ырас.

Бирок маселени терең талдай турган болсок, кырдаал биз уккандан, биз түшүнгөндөн, биз жыйынтык чыгаргандан такыр башкача болушу толук ыктымал экенин эскертебиз.

Кызыл туунун алдында бир муштумга бириккен мусулман кыргыз элинин ыркын кетирип, наркын качырып, тынчтыкта жана бакубаттыкта өнүгүү жолундагы өлкөбүзгө кара санаган күчтөрдүн чагымы болушу да мүмкүн.

Андыктан улуу динибиз аркылуу каныбызга сиңген сабырдуулук, толеранттуулук, айкөлдүк жана меймандостук сапатыбыздан тайбай, бу жолу да бийиктикти жана тереңдикти көрсөтүүбүз кажет.

Коомдо катталган курч окуяларга даароо кызуу кандуулук жана ачуу менен реакция кылбай, сабырдуулук жана акылмандык менен чечим кабыл алганыбыз туура.

Эгерде кимдир-бирөө мыйзам бузуп, кылмыш кылган болсо, чара көрө турган мамлекетибиз бар. Баарын мыйзам жана абийир алдында тескей турган укук коргоо органдарыбыз бар.

Демек, жаран катары мамлекетибизге ишеним артып, болуп кеткен жагымсыз окуялар өз убагында тийиштүү мекемелердин аракети менен заматта токтоп, мыйзам бузган тараптарга чара көрүлөт деп ишенебиз".

Пикир

Оставить комментарий