• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айтматов заманбап дүйнөдөгү коомдук аң-сезимдин жаралышына таасир эткен

Коом 0

Чолпон-Ата, 07.10.18. /Кабар/. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов баарынан мурда жазуучу жана чыгармачыл инсан катары заманбап дүйнөдө коомдук аң-сезимдин түзүлүшүнө таасир эткен. Бул тууралуу залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган III “Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары” эл аралык Ысык-Көл форумунун үчүнчү күнүндө КРнын Улуттук китепканасынын директору Жылдыз Бакашева билдирди.

“Айтматов планетанын интеллектуалдык күчтөрүнүн интеграциялык кыймылын өнүктүрүүнүн алгачкы демилгечилеринин бири болгон. Тарыхта биринчи жолу 1986-жылы Айтматов Ысык-Көл форумуна ар кайсы континенттеги таасирдүү адамдарды чогулткан. Таланттуу жана эр жүрөк адамдардын биргелешкен күч-аракеттери диалог жолу менен адамзаттын көйгөйлөрүн чечүүгө, өлкөлөрдүн тынчтыкта жашоосуна көмөктөшкөн гуманизм, жаратмандык идеяларын – кызыктуу жана акылман демилгени жараткан”, - деди ал.

Бакашева өзүнүн докладын улантып жатып бүгүнкү форумдун негизги милдети дүйнө элдеринин маданияттарынын диалогун жана интеграциясын өнүктүрүү, ошондой эле Айтматовдун чыгармаларында көтөрүлгөн актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулоо экендигин белгиледи.

Андан тышкары жазуучунун феномени тууралуу айтып жатып Айтматовдун феномени таза булак, жалпы адамзаттык баалуулуктарынын гимни экенин билдирди.

“Улуу жазуучуну окуп биз адамзат, аалам, “жан дүйнөнүн экологиясы”, ак көңүлдүк, бузукулук, тынчтык жана согуш, жашоо жана өлүк, сүйүү жана бакыт тууралуу ой жүгүртөбүз”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий