• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Жардыруучу зат тууралуу жалган маалымат берген аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Телефон аркылуу жардыруучу зат тууралуу жалган маалымат берген аял кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 6-мартында КР УКМК нөөмөт бөлүмүнө Россия Федерациясынын консулдук бөлүмүндө жардыруучу зат орнотулганы боюнча анонимдүү маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо УКМК атайын адистеринен турган топ барып, аймак курчоого алынып, дипломатиялык кызматкерлер эвакуацияланган. Мекемени текшерүүнүн жүрүшүндө жарылуучу зат табылган эмес.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Терроризим актысы боюнча жалган маалымат берүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1974-жылы туулган М.Т.К. аттуу кыргыз жараны аныкталып, кармалды.

Такталгандай, М.Т.К. бейбаштык менен анонимдүү маалымат жиберген.

Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.

УКМК жалган маалыматтарды тараткан үчүн КР мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий