• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Майлуу-Суудагы "өзгөчө кырдаал". Чыгым дээрлик 44 млн сомду түздү

Коом 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Майлуу-Суу шаарында таза суу жана жылуулук берүүнү токтотуунун кесепеттеринен келтирилген чыгым 43 миллион 821 миң 843 сом 11 тыйынды түздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен инженердик кызматтарга келтирилген зыян 15 млн 377 миң 910 сом, калыбына келтирүү иштеринин суммасы 1 млн 834 миң 628 сом, экономикалык зыян 26 млн 609 миң 304 сомду түзгөн.

Белгиленгендей, 29-январга карата шаардын калкынын 91% жылуулук менен камсыздалды, таза суу системасында авариялар катталгандыгына байланыштуу, учурда шаардын калкынын 51% таза суу жеткирилген.

Эске салсак, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен 12-январь күнү шаардын калкына таза суу берүү үзгүлтүккө учураган. Суу берүү системасынын башкы суу сактагычында жана суу берүүчү түтүктөрдө суулар тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн.

Мындан улам шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан, Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1, №3, №4 отказандардын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган.

Майлуу-Суу шаарынын аймагында III ордук даражасындагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий