• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бейшеналиев КРВИ менен ооруган балдар үчүн кошумча 105 орун даярдоону тапшырды

Ден соолук 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 6-декабрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев курч респиратордук вирустук оорулар жана сасык тумоо менен ооруган балдар үчүн кошумча 103 орун даярдоону тапшырды.

Ведомстводон билдиришкендей, ал мындай тапшырманы министрликтин жооптуу адистеринин жана Бишкек шаарындагы балдар стационарларынын жетекчилеринин катышуусунда оорулардын жогорулоо мезгилинде балдарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча кеңешме берди.

Ошентип, министрдин тапшырмасы менен Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын базасында 30 койка, жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн энени жана баланы коргоо Улуттук борборунун базасында 30 койка жана Чүй облустук бириктирилген ооруканасынын балдар бөлүмүндөгү койкалардын санын 45 койкага чейин убактылуу уюштурулат.

Мындан тышкары, ЖКККБнын кадрдык потенциалын күчөтүү максатында Бишкек шаарынын ҮМБ педиатрлардын кызматын уюштуруу, жана 2-3 курстардын ординаторлорун кырдаалга байланыштуу жумушка чакыруу айтылып, Энени жана баланы коргоо Улуттук борборунунда ишти күчөтүү үчүн кошумча 10 врачтык ставканы бөлүп берүү керектиги каралды.

Ошондой эле КРВИ жана сасык тумоонун эпидемиологиялык өсүү мезгилинде ҮМБнын алдындагы күндүзгү стационарлардын ишин кайра кароо,тактап айтканда бейтаптарды дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 08.00 дөн 20.00 гө чейин жана дем алыш күндөрү саат 08.00 дөн 14.00 гө чейин эки сменада кабыл алууну графиги бекитилди.

Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциянын алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:

- маска режимин жана аралыкты сактоо;
- дем алуу гигиенасын сактоо – тактап айтканда оозду жана мурунду жабуу жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө;
- сасык тумоону жуктуруп алган адамдарды өз убагында изоляциялоо;
- санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (колдун гигиенасы, дайыма бөлмөлөрдү желдетүү, бөлмөлөрдү таза кармоо ж.б.).

Пикир

Оставить комментарий