• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 27 оорукана суюк кычкылтек системасына туташтырылууда

Ден соолук 0

Бишкек, 22.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 27 оорукана борборлоштурулган суюк кычкылтек системасына туташтырылууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча жалпы 1 миң 708 орундук кычкылтек системасына туташтырылат.

""Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк" фондунун эсебинен өлкө боюнча 27 оорукананы борборлоштурулган суюк кычкылтек системасын кийирүү боюнча иштер жүрүүдө. Бүгүнкү күндө 25 ооруканада жумуштар аяктап, экөөндө жүрүп жатат", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий