• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык 8 дарыгер Түркияда жилик чучугун алмаштырууну өздөштүрүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 24.02.24. /Кабар/. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун 8 дарыгери жилик чучугун алмаштыруу технологиясын өздөштүрүү үчүн Түркиянын "Инөнү" университетинде барышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде дарыгерлер, лаборанттар жана медайымдар бар.

Дарыгерлер тобу "Инөнү" университетинин клиникасында окутулуп, жилик чучугун алмаштыруунун технологиясын өздөштүрүшөт. Бул университеттик клиника чоңдор жана балдар үчүн органдарды, анын ичинде жилик чучугун трансплантациялоо операцияларын жасайт.

"Түрк клиникасынын жетекчилиги бизди абдан жылуу тосуп алды. Малатьядагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун медициналык командасы кийин мекенибизде колдонуу үчүн жетишерлик билим алып келишет деп үмүттөнөбүз. Президентибиздин көрсөтмөсү менен бул долбоорду баштап, бизди ушундай керектүү окууга жиберген министрибиз Алымкадыр Бейшеналиевге онкологмдарыгерлер терең ыраазычылыктарын билдиришет", - деп бөлүштү Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун онкология бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков.

Эскерте кетсек, кызматташуу келишими саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин 2024-жылдын 11-12-январында Түркияга болгон иш сапарынын алкагында түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий