• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын шаарында курулган кызматтык үйлөрдө бир катар кемчиликтер аныкталган

Аймак 0

Бишкек, 24.02.24. /Кабар/. Нарын шаарында мамлекеттик, муниципалдык, сот жана прокуратура кызматкерлери үчүн курулган кызматтык үйлөрдө көптөгөн кемчиликтер аныкталган. Бул тууралуу Нарын шаардык кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган кызматтык үйлөрдү кабыл алуу Нарын шаардык кеңешинин макулдугу менен жүргүзүлөт деп көрсөтүлгөн.

Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев, шаардык кеңештин Муниципиалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөлөрү мэриянын кызматкерлери менен биргеликте курулган үйлөрдү жеринде көрүп келди.

Нарын аймактык мамлекеттик архитектура жана курулуш контролдоо башкармалыгынан имараттардын курулуш иштерине көзөмөл жүргүзүү боюнча алып барган иштери, ал эми Нарын аймактык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан имараттарга тийиштүү мамлекеттик экспертизанын бүтүмү, макулдашуу барагы, объектилердин паспорттору жана башка иш кагаздары боюнча маалыматтар суралган.

Башкармалыктардын маалыматтарына караганда, курулуш жүргүзгөн ишкердик субъект имараттын курулушу боюнча аткарган иш документтерин тапшырбагандыктан курулушту көзөмөлдөө жана имараттардын долбоорун макулдашуу иштери жүргүзүлгөн эмес.

Мындан сырткары, 2023-жылдын аягында Мамлекеттик архитектура жана курулуш контролдоо департаментинен жана КР президентинин администрациясынан келген атайын комиссия кызматтык турак үйлөрдүн курулуштарынан көптөгөн курулуш кемчиликтерин аныкташкан.

Пикир

Оставить комментарий