• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

283 гемодиализге муктаж кыргызстандык немис адистеринен дарыланышат

Ден соолук 0

Бишкек, 05.03.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Немис адистери үстүбүздөгү жылдын күзүнө чейин 283 кыргызстандыкка гемодиализ кызматтарын көрсөтө баштайт. Бул тууралуу “Fresenius Medical Care” компаниясынын кеңсесинин расмий ачылышынын жыйынтыктары боюнча Бишкектеги маалымат жыйында айтылды.

Бул компания мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында өлкөдө 4 диализ борборун курат.

“Fresenius Medical Care” эл аралык бизнести өнүктүрүү компаниясынын директору Юлиус Крюгердин айтымында, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы борборлор 500 бейтапты тейлей алышат.

“Борборлордо үй айлык иш жүргүзүлөт. Биринчи баскычында медициналык жардамды Саламаттык сактоо министрлиги жөнөткөн 283 оорулуу алышат. Аларга эч төлөшпөйт, анткени аларды дарылоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен кетет”, - деп тактады Крюгер.

Ал борборлорго трансплантация же жумасына 3-4 жолу гемодиализ процедуралары талап кылынган өнөкөт бөйрөк оорусунан жабыркагандар жөнөтүлөрүн кошумчалады.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда учурда өнөкөт бөйрөк оорусунан (ӨБО) жабыркаган 1 миң 100 бейтап бар. Булар мамлекеттен көмөк сурап расмий кайрылгандар гана.

Жер-жерлерде ӨБОдон жабыркагандардын маселеси курч турат. Бул маселени жергиликтүү саламаттык сактоо тутумдары, коомдук уюмдар жана социалдык жоопкерчиликтүү ишкерлик өкүлдөрү чече алары белгиленүүдө.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 15-августунда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен “Fresenius Medical Care” немис компаниясынын ортосунда Кыргызстанда гемодиализ кызматтарын көрсөтүү борборлорун ачуу келишими түзүлгөн.

Биринчи баскычында борборго мамлекеттик медмекемелерден бөйрөк оорусунан жабыркаган 283 бейтап жөнөтүлөт. Алар мамлекеттик бюджеттин эсебинен акысыз тейленишет.

Пикир

Оставить комментарий