• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бейшеналиев Бишкек шаарындагы бир катар саламаттык сактоо уюмдарын кыдырды

Ден соолук 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров менен бирге күн мурун, 18-декабрда Бишкек шаарындагы бир катар саламаттык сактоо уюмдарын кыдырды.

Министрликтен билдиришкендей, алар №1 үй-бүлөлүк медицина борборунда жайгашкан «Эл Аман» дарыканасынын иши менен таанышты. Депутатка мамлекеттик дарыканада дары-дармектердин канча түрү бар экени көрсөтүлүп, Таалайбек Масабиров дары-дармектердин баасы чындап эле арзан экенин, айрымдары 500-600 сомго чейин сатылып жатканын белгиледи.

Андан соң №1 шаардык клиникалык ооруканага барып, ооруканадагы бейтаптар менен баарлашып, Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапатына кызыгып көрдү.

Кыргыз-түрк достугу ооруканасында да болушту, анда 8-январдан тарта кызматына киришкен жаңы башкы дарыгер, кардиохирург Хусейн Унсал Эрчелик менен баарлашты.

Башкы дарыгер оорукананын ишин көрсөтүп, түркиялык адистердин тобу келери күтүлүп жатканын билдирип, алар январдын аягында, февралдын башында дагы үч кыргызстандыкка бөйрөк алмаштыруу боюнча кезектеги операция жасай турганын, азыркы учурда операцияга даярдык иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий