• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2023-жылы Кыргызстанда малдын жугуштуу ылаңынын 86 очогу катталган

Коом 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Отчеттук мезгилде республика боюнча малдын жугуштуу ылаңынын 86 очогу катталган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында КР Ветеринардык кызматынын директорунун орун басары Бакыт Шарапов билдирди.

Анын айтымында, кутурма оорусу боюнча - 36, бодо малдын сибирь жарасы - 2, бодо малдын бруцеллезу - 2, жылкынын пастереллези - 1, жылкынын трипаносомозу – 14, жандык малдын сальмонеллези – 1, жандыктын брадзоту – 7, жандык малдын листериозу – 40, жандык малдын пастереллези -10, жандык малдын хламидиози - 1, жандык малдын бруцеллезу - 4, энтеротоксемия-2.

"Жогоруда жугуштуу ылаң пайда болгон пункттар карантинге алынып, инструкцияга ыдлайык атайын ветеринардык-санитардык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар боюнча абал туруктуу", - деди ал.

Шарапов мамлекет вакцина жана диагностикалоого 87 млн сом бөлүп жатканын кошумчалады.

Ал кошумчалагандай, 2023-жылдын 12 айында республиканын ветеринарлары тарабынан 24 миң 762,9 миң ар кандай баш дарылоо иштери жүргүзүлгөн, анын ичинен диагностикалык изилдөөлөр (лабораториядан тышкары) 1 млн 209,6 миң, профилактикалык эмдөөлөр 22 млн 955,4 миң, дегельминтизация боюнча 597 миң план отчеттук мезгилге 100% аткарылган.

"Республика боюнча 566 эски сибирь жарасынын очогу катталып, айыл чарба малдарынын балансына өткөрүлүп, жыл сайын айыл чарба малдарын сибирь жарасына каршы алдын ала эмдөө жана жазгы санитария иштери жүргүзүлүүдө. Жазгы-күзгү санитардык тазалоо үчүн райондук шаардык бөлүмдөргө 13 миң 800 кг хлор берилди", - деди ал.

Адис белгилегендей, кутурма оорусу боюнча эпизоотикалык абал оор бойдон калууда.

"Кутурма оорусу боюнча республиканын бир катар аймактарында абал жакшы эмес. Отчеттук мезгилде кутурма оорусуна каршы 228,1 ит эмдөөдөн өткөн. Кутурма оорусуна каршы күрөшүү максатында 20 миң 334 жолбун ит атылган", - деди Шарапов.

Пикир

Оставить комментарий