• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Айыл барбасын көтөрүү Өкмөттүн негизги пландарынын бири

Коом 0

Бишкек, 3-март /Кабар/. Өлкөдө айыл чарбасын көтөрүү Өкмөттүн негизги пландарынын бири, ошондуктан учурда бул тармакка бериле турган насыя каражаттары миллиарддаган сумманы түзүүдө,-деди Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 3-мартта Чүй облусунун Ысык-Ата районунда өткөн үрөнчүлүк чарбаларды көтөрүү, фермерлерди сертификациядан өткөн үрөндөр менен камсыз кылуу, жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, айыл барча техникаларынын абалы жана түшүмдү туура сактоого багытталган семинарда. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Өкмөт үрөнчүлүк чарбаларга “Айыл чарбаны каржылоо-5” долбооруна ылайык жеңилдетилген насыяларды 6% жылдык пайыз менен 3 жылга берүүнү камсыздоону ишке ашырып жатканына токтолуп, фермерлерге мүмкүнчүлүктү пайдаланып калуу керектигин билдирди.

«Республиканын үрөнчүлүк тармагынын алдында өлкөдөгү бардык аймактарды айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку сапаттагы сертификатталган үрөндүк материалы менен камсыз кылуу талабы турат. Тармактагы мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүдө топурак иштетүүдөгү ресурстук үнөмдөө технологиясын, тамчылатып суугарууну, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүүлүктөгү сортторун жана гибридерин республикадагы үрөн чарбаларда сыноо жана пайдаланууну өнүктүрүү зарыл»,-деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Быйыл республика боюнча 1203,6 миң га айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү пландалууда. Республиканын үрөнчүлүк чарбалары жана чарбалык субъектердин 2017-жылдын жаздык себүүсүнө үрөн менен камсыз кылуусу буудай -88,1%, арпа – 86,6%, жүгөрү – 93,3%, картөшкө – 95,9%, беде – 77,2%, эспарцет – 80,5% жана пахта – 79,7% түзөрү божомолдонууда.

Соңунда «Эл-Дан Аталык Групп» ОсОО базасында өткөн семинарда ишкананын жетекчиси Турат Үкүбаев айыл чарба техникаларынын даярдыгы, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрү жана аларды сактоо жолдорун иш жүзүндө көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий