• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кудайберген Базарбаев Ага Хан өнүктүрүү уюмунун КРдагы дипломатиялык өкүлү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлү Баркат Фазал менен жолугушту.

Агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар КР президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Борбордук Азия университети (БАУ) биргелешип мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү.

Жаңы долбоор түзүү менен, анын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин потенциалын күчөтүү, заман талабына жооп бере турган усулда жаңы багыттарда окуттуу керектиги айтылды.

Кудайберген Базарбаев жолугушуунун маанилүүлүгүн айтуу менен Ага Хан уюмунун өлкөдө жакшы имиджге ээ болгондугу, билим берүү чөйрөсүндө ишенимдүү жана компетенттүү өнөктөш катары бекем кадыр-баркка ээ экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле, Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында өтүп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча мамлекеттик тапшырык жөнүндө айтып өттү.

Өз кезегинде доктор Баркат Фазал 2022-жылда агенттик менен АКДН ортосунда "Нарын шаарынын туруктуулугун бекемдөө" программасын ишке ашыруу үчүн кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлгандыгын эске салды.

Бул долбоордун негизинде БАУнун өкүлдөрү жергиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу үчүн "Шаарды өнүктүрүүнүн туруктуулугу боюнча сертификациялык программаны" иштеп чыгышканын кошумчалады.

Жолугушуунун аягында Кудайберген Базарбаев Нарын шаарындагы мамлекеттик, муниципалдык кызматикерлерди эле эмес, бүткүл республика боюнча кызматкерлерди окутуу керектигин, белгиленген пландарды ишке ашыруу боюнча жемиштүү жана конструктивдүү кызматташууну улантууга ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий