• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Буга чейин комендатура тарабынан берилген өткөрмө кагаздары жокко чыгарылат - Боронов

Коом 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Бүгүн түнү комендатура өз ишин токтотот. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал белгилегендей, буга чейин берилген өткөрмө кагаздары эртеңден тарта жараксыз болот.

“Бүгүн комендатура өз ишин токтот. Өзгөчө абал учурунда комендатура тарабынан берилген өткөрмө кагаздары дагы 24:00дө жокко чыгарылат”, - деп кошумчалады ал.

Зарыл болсо, жарандарга жеке унаа менен жүрүүгө уруксат берилет, бирок жеке автоунаада себепсиз жүрүү сунушталбайт. Ошондой эле жумуш берүүчүлөргө өзүнүн кызматкерлерине унаа уюштуруп берүү сунушталат.

Эске сала кетсек, айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май 24.00дө аяктайт, коменданттык саат жокко чыгарылат. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет.

Өкмөт тарабынан COVID-19 вирусунун кесепетинен улам келип чыккан кыйынчылыктарды жеңүү максатында жана экономикалык зыянды азайтуу үчүн экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты. Ага ылайык, 1-майдан тартып айрымдары өз иштерин кайрадан баштады.

Пикир

Оставить комментарий