• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Түркияда Кыргызстандын инвестициялык, туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди

Коом 0

Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. Күн мурун, 13-октябрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Азия өлкөлөрүнүн Түркияда аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары, тактап айтканда Түштүк Корея, Япония, Бруней, Сингапур, Индонезия, Филиппиндер, Таиланддын элчилери жана Малайзиянын элчисинин орун басары менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда элчи Өмүралиев кесиптештерине Кыргызстан жөнүндө, өлкөнүн инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.

Ошондой эле Кыргызстандын чек арасында болгон окуяларга байланыштуу аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча кеңири маалымат берди.

Элчи Өмүралиев БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине шайлоодо Кыргызстанга колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Ушуну менен бирге, 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды.

Пикир

Оставить комментарий